ОшМУнун 80 жылдыгына карата МИТ факультетинде бакалаврдын жана колледждин студенттеринин арасында футбол оюну болуп өттү.

2019-04-02 15:12:46 1735

ОшМУнун 80 жылдыгына карата 27-март күнү МИТ факультетинде 1,2,3,4 курс бакалаврдын жана колледждин студенттеринин арасында футбол оюну болуп өттү.Оюндун жүрүшүндө мугалимдер да ойноп жогорку деңгээлдеги оюнду көрсөтүштү. Жыйынтыгында 4-курстун студенттери 4-орунду, 3-курстун студенттери 3-орунду, 2-курстун студенттери 2-орунду, 1-курстун студенттери 1- орунду ээлеп диплом жана медал менен сыйланышты.