03.04.19 4-курстар менен Антиплагиат программасы боюнча суроо-жооп

2019-04-03 13:58:23 1726

2019-жылдын 3-апрель күнү 203-аудиторияда МИТ факультетинин 4-курстары үчүн Антиплагиат программасынын тегерегинде IT - академиянын директору ф.-м.и.к., доцент У.Молдояров менен жолугушуу болуп өттү. Студенттер квалификациялык жумуштарды жазуунун жана антиплагиат программасынан өтүүнүн процедурасы менен таанышып, суроолорго жооп алышты. Жолугушууга доценттер Сопуев У. Эркебаев У., Шамшиева Г., Мустапакулова Ч. катышышты.