МИТ факультетинин мугалимдери Германиядагы Цвиккау батыш-саксониялык колдонмо илимдер университетинде Erasmus+ программасы боюнча KYRMedu долбоорунун алкагында инструкторлорду даярдоонун жыйынтыктоочу семинарына катышып келишти.

2019-04-03 18:08:03 1699

2019-жылдын 25-29-мартында Германиядагы Цвиккау батыш-саксониялык колдонмо илимдер университетинде Erasmus+ программасы боюнча KYRMeduдолбоорунун алкагында инструкторлорду даярдоонун жыйынтыктоочу семинары болуп өттү. Семинарга ИТАС кафедрасынын улук окутуучулары Г.Сейитказыева, А. Ажибековалар катышып келишти. Инструкторлорду даярдоо боюнча семинарда KYRMedu университеттик консорциумунун окутуучуларынын практикалык сабактарын дидактикалык каражаттар менен камсыздоо, лабораториялык усулдук колдонмолорду даярдоо боюнча профессорлор Л. Хайланд, Р. Хиндерер, Р. Хатман, С. Хелбок, А. Хабер ж.б. тренинг өтүшүп өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар берилди.