МИТ факультетинде 12-апрель күнү Илимий жумалык жыйынтыкталып, иш чарага катышуучулур ардак грамота, диплом жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

2019-04-13 12:31:26 1992

2019-жылдын 12-апрель күнү кичине актовый залда Илим жумалыгынын жабылуу аземи өткөрүлдү. Окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо, илим жумалыгына активдүү катышкандарды сыйланды. Бул күнү бакалавр жана колледждин студенттерин факультеттик олимпиаданын жеңүүчүлөрү, мыкты доклад жасаган студенттер жана магистранттар, ошондой эле “Мыкты гезит” конкурсунан уткан тайпалар ж.б. сыйланды. Илим жумалыгына кафедралардан активдүү катышып, жакындан жардам берген окутуучуларды да сыйлоо менен улантылды. Программалоо кафедрасынын улук окутуучусу С. Тажикбаева, алгебра жана геометрия кафедрасынын окутуучусу Ч. Мустапакулова, МИОТжББМ кафедрасынын доценти А. Келдибекова, декандын окуу иштери боюнча орун басары, доцент А. Кудуев, ЖМ кафедрасынын окутуучусу А. Абдукаимова, матанализ кафедрасынын улук окутуучусу А. Камбарова, суротчу МК(б)-1-15 тайпасынын студенти Маматражап уулу Улукмырзалар МИТ факультетинин “Ардак грамотасы”менен сыйланышты. Факультеттин “Шайыр, тапкычтар клубунун” балдары тарабынан тамашалар тартууланып, ыр-бий менен шаңдуу өткөрүлдү. Илим жумалыгынын жабылышы концерттик программа менен коштолуп, декандын илимий иштери боюнча орун басары, ф.-м.и.к., доцент Н.С. Беделова тарабынан жабылды.