МИТ факультетинде кесипке багыт берүү иштери жүрүүдө

2019-04-19 13:38:34 1750

2019-жылдын 18-апрелде МИТ факультетинин ИТАС кафедрасынын улук окутуучулары Г. Сейитказыева,А. Ажибекова, Р. Ойчуева, Н. Адилбекова Кара-Суурайонунун №56 Кең-Сай орто мектебине кесипке багыт берүү боюнча барып, бүтүрүүчү класстарга Ош мамлекеттик университети, математика жана информациялык технологиялар факультети жана андагы адистиктер жөнүндө жалпы маалымат беришти. ОшМУнун, МИТ факультетинин жана ИТАС кафедрасынын буклеттерин тарткатышып, 27-апрель күнү болот турган “Билим майрамына” чакыруу буклеттерин да берип келишти. Кесипке багыт берүү боюнча сапар эми Өзгөн районуна болмокчу.