МИТ факультетинин студенттери менен АнМУ университетинен келген студенттердин арасында шахмат оюну боюнча “достук мелдеш” болуп өттү.

2019-05-15 17:59:24 1812

2019-жылдын 15-май күнү факультетибиздин студенттери жана Андижан мамлекеттик университетинен мобилдүүлүк программасы боюнча келген студенттер шахмат оюну боюнча күч сынашышты. Мелдешти факультеттин деканынын тарбия иштери боюнча орунбасары К.Шакиров агайыбыз көзөмөлдөп, катышуучуларга ийгилик каалап кетти.