МИТ факультетинин доценттери Т.М. Папиева, Ж.А. Артыкова жана Н.С. Беделовалар Россия Федерациясынын Тольятти шаарында илимий иш сапарда болушту.

2019-05-21 09:34:50 1628

p { text-indent: 20px; /* Отступ первой строки в пикселах */ } 2019-жылдын 24-26-апрель күндөрү МИТ факультетинин доценттери Т.М. Папиева, Ж.А. Артыкова жана Н.С. Беделовалар Россия Федерациясынын Тольятти шаарында илимий иш сапарда болушту. Алар Тольятти мамалекеттик университетинде болгон “Математика. Образование. Культура” аттуу эл аралык, илимий конференцияга катышып келишти. Конференциянын жүрүшүндө “Математика 5-11” окуу китептеринин автору, д.п.н.,профессор Мордкович Александр Григорьевичтин жаңы билим берүү стандарттардын негизинде иштелип чыккан окуу китептерин окутуу процессинде колдонуу маселелери боюнча мастер классына катышып, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Геометрия боюнча ФГОС ООО (предметтик стандартты) иштеп чыккан окумуштуулардын бири, д.ф.-м., профессор Смирнов Владимир Алексеевичтин семинарына катышып Россия Федералдык мамлекеттик негизги билим берүү стандарттартынын мазмунундагы жана аны колдонуудагы актуалдуу көйгөйлөр боюнча Россия Федерациясы, Казахстан, Таджикстан, Болгария өлкөлөрүнөн келген кесиптештердин ой-пикирлерин угуу мүмкүнчүлүгү болду. 25-апрель күнү “Математикалык билим берүү” бакалавр жана магистрдик багыттарынын негизги билим берүү программалары боюнча тегерек столдо эксперт катары катышып, өздөрүнүн пикрилерин билдиришкен.