Ноокат районундагы Уркуя Салиева атындагы орто мектептин математика каанасына ф.-м.и.д., профессор Алымкулов Келдибай агайыбыздын аты ыйгарылды

2019-05-22 11:43:45 1733

2019-жылдын 21-май күнү Ноокат районундагы Уркуя Салиева атындагы орто мектептин математика каанасына КР УИАнын мүчө корреспонденти, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, ф.-м.и.д., профессор Алымкулов Келдибай агайыбыздын аты ыйгарылды. Бул каанага якелдибай агай компьютер, проектор, экран ж.б. белек кылды. Бул мектептен Келдибай агайыбызга окшогон, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан, мыкты окумуштуулар чыгышын каалайбыз жана үмүттөнөбүз. Келдибай агайга бекем ден-соолук, узак өмүр, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.