Андижандан мобилдүүлүк программасы боюнча келген конок студенттерди узаттык.

2019-05-22 17:36:43 1718

Андижан мамлекеттик университетинен мобилдүүлүк боюнча 10 күнгө келген студенттер, бүгүн сертификаттарын колдоруна алышты. Математика жана информациялык технологиялар факультетинин билим берүүсүнө басым жасашып кийинки окуу жылдан бир семестрге кабыл алуубузду суранышып, жанган көздөрү менен ыракматтарын жана абдан ыраазычылыгын билдирип өз мекендерине жөнөп кетишти. Максат эки өлкөнүн алакасын бекемдөө, достукту күчөтүү.