МИТ факультетинде Агартуу академиясынын лабораториясы ачылды

2014-11-01 13:36:27 2951

20-октябрь МИТ факультетинде Агартуу академиясынын лабораториясы ачылды! 232-лаборатория Математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы кафедрасынын астында ачылып, профессордук-окутуучулук курамдын, административдик персоналдын жана мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу максатында ачылды. ОшМУнун ректору,профессор Каныбек Исаков агайыбыз єзї кызыл лентаны кыркып МИТ факультетинде жакшы жєрєлгє болуп жатканын белгилеп айтты, анткени 232-каана МИОМ кафедрасында жана ОшМУда кєп жылдар бою эмгектенген агайыбыз, профессор М.Назаровдун атындагы каана да болуп аталат. ОшМУнун 75-жылдык юбилейинин алдында биздин устаттарыбызды эскерїї эў туура - деп айтты. Жыйындын жїрїшїндє "Агартуу академиясы" лабораториясын ачуу їчїн аябай зор кїч жумшаган доцент Анара Аттокурова эжеке сєз баштап, лабораториянын ачылышы, тарыхы, потенциалы тууралуу баян жасады.