ОшМУнун МИТ факультетинин кыздар жана аялдар кенешинин төрайымы Абдималик кызы Жаркынайдын иш планына ылайык 2019-2020-жылдын алгачкы кезектеги чогулушу болуп өттү

2019-10-01 14:20:17 1733

2019-жылдын 20-сентябры күнү ОшМУнун МИТ факультетинин кыздар жана аялдар кенешинин төрайымы Абдималик кызы Жаркынайдын иш планына ылайык 2019-2020-жылдын алгачкы кезектеги чогулушу болуп өттү. Чогулушка 3 кафедра башчылары жана ОшМУнун аялдар жана кыздар кенешинин төрайымынын катышуусунда болду. Алар Информатика кафедрасынын башчысы ф.-и.к., доц Ободоева Г.С., Жогорку математика кафедрасынын башчысы п.и.к., доц. Кедейбаева Д.А., Алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы Папиева Т.М., Информатика кафедрасынын доценти Артыкова Ж.А., жана ОшМУнун аялдар жана кыздар кенешинин төрайымы Сейитказыева Г.А. эжекелер катышышты. Мында төмөнкүдөй маселелер каралды. 1.Саламдашуу адеби 2.Университетте өзүн алып жүрүү этикасы 3.Студенттик кийинүү стили 4.Коомдук жайлардагы эрежелер, коопсуз жайлардан этиятоо 5.Студенттин убакытты рационалдуу пайдалануусу Ар түрдүү маселелер (суроо жооп) Маселелер тууралуу эжекелер алгач кеп кенештерин айтып ар бир маселе боюнча кыскача доклад жасалды андан соң студенттер тарабынан суроолор берилип эжекелер жооп беришти.