МИТ факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасы тарабынан иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү

2019-11-17 10:55:36 1495

2019-жылдын 15-ноябрында МИТ факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасы тарабынан иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү. Тегерек столго "Математика" магистрдик багытынын бир топ бүтүрүүчүлөрү эмгектенген окуу жай жана мектептердин жетекчилери катышышты, алар ОГПИнин математика жана компьютердик технологиялар факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Турдубаева К., "Илим-Ош" мектебинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Матисакова Г.Э., Ноокат районундагы У. Салиева атындагы орто мектептин директору А. Батырова ж.б. Ошондой эле "Математика" магистрдик багытынын бүтүрүүчүлөрү жана учурда окуп жаткан магистранттар активдүү катышышты. Тегерек стол төмөндөгүдөй максатта өткөрүлдү: - иш берүүчүлөрдү, бүтүрүүчүлөрдү жана магистранттарды “Математика” магистрдик багытынын негизги билим берүүнүн программасы, окуу планы жана жумушчу окуу планы менен тааныштыруу; - иштеп жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн билгилик сапаты тууралуу иш берүүчүлөрдүн пикирин угуу; - иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн иш процессинде кезиктирген кыйынчылыктары жөнүндө пикирлерин угуу. Тегерек стол интерактивдүү ыкма менен өткөрүлүп, максатка ылайыктуу коюлган суроолордун үстүнөн төмөндөгүдөй чакан топтордо иштөө жүргүзүлдү: а) иш берүүчүлөрдүн тобу, б) бүтүрүүчүлөрдүн тобу, в) магистранттардын тобу. Катышуучулардын баалуу пикирлери “Математика” магистрдик багытынын негизги билим берүүнүн программасына толуктоо жана түзөтүүлөргө өбөлгө түзөөрү анык. Тегерек столдун уюштуруучулары: Ф.-м.и.д., профессор Матиева Г. Ф.-м.и.д., профессор Алымкулов К. Ф.-м.и.к., доцент Папиева Т.М. Математиканын магистри, окутуучу Мустапакулова Ч.А. Математиканын магистри, окутуучу Каныбек кызы А. Магистрант Дөөлатбекова Н.