МИТ факультетинин окутуучулары “Ноокат билимканасынын” “Кылымдын көрөңгөсү – билимдүү жаштардын колунда” конференциясына катышып келди

2019-11-25 14:14:01 1437

ОшМУнун атынан математика жана информациялык технологиялар(МИТ) факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары А.Ж.Кудуев, математиканы жана информатиканы окутуунун технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент(МИОТжББМ) кафедрасынын башчысы А. Аттокурова, ушул эле кафедранын доценти Д.Тагаева, информатика кафедрасынын ага окутуучусу Г.Садыкова 24.11.19 күнү “Ноокат билимканасынын” түзүлгөндүгүнүн 30жылдыгына карата өткөрүлгөн илимий-практикалык “Кылымдын көрөңгөсү – билимдүү жаштардын колунда” конференциясына катышып келди. Билимкана 30жылдын ичинде 1073 бүтүрүүчүнүн ичинен 34ү алтын медаль, 120сы кызыл аттестат менен аякташкан, учурда 20сы илимдин кандидаты жана докторлору. 2019-жылы 1 алтын сертификатка, 4 кызыл аттестатка ээ болушуп, 49 бүтүрүүчүнүн 90% Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун бюджеттик орундарына студент болушту. Билимканада - физика, математика, химия, биология предметтери боюнча райондук, областтык жана республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга жетишип келе жатышат. Конференциянын жүрүшүндө ОшМУ, математика жана информациялык технологиялар(МИТ) факультети жана математиканы жана информатиканы окутуунун технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент(МИОТжББМ) кафедрасы менен болгон буга чейинки иш-чаралар талкууланып, алдыда аткарылчу илимий-методикалык багыттагы иш-пландар белгиленди.