ОшМУнун МИТ факультетинин магистранттарына 2019-жылдын 27-ноябрында илимий-практикалык конференция жана 1-курстарды кабыл алуу аземи өттү

2019-11-28 17:19:21 1440

ОшМУнун Юридика факультетинде 2019-жылдын 27-ноябрында уюштурулган ”Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар,иштелмелер” аттуу илимий-практикалык конференцияга жана 1-курстарды кабыл алуу аземине МИТ факультетинин деканы, доцент У.А.Сопуев, факультеттин магистратура боюнча жооптуусу Кымбат Маткалык кызы, жалпы 1-курстун магистранттары жана 28 магистрант мыкты баяндамалары менен катышып келишти. Уюштуруучулар тарабынан магистранттрадын баяндамаларынын темалары боюнча 3 секциялык угууларга бөлүнүп: * Так жана табийгый илимдер * Педагогикалык жана филологиялык илимд * Коомдук-гуманитардык жана экономикалык илимдер боюнча бөлүнүп иш алып барылды. Конференцияда МИТ факультетинин магистранттары МТО(м)-1-18 тайпасынан Махмудов Дилмурад, ПИЭ(м)-1-18 тайпасынан Камалов Султанбек жана Пакал уулу Долонбек, Закиров Искандар, Кадырова Акмаанай, Сүйүнбаева Мария, ПМИ(м)-1-19 тайпасынан Абдумалик кызы Нуржан, ФМО(м)-1-19 тайпасынан Маматалиев Мамасали ,ИСТ(м)-1-19 тайпасынан Маатова Акбермет, МК(м)-1-19 тайпасынан Назгүл Нишанбаева мыкты баяндамаларды жасашып, жогорку даражадагы дипломдорго ээ болушту. МИТ факультетинин калган магистранттары ”Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар,иштелмелер” аттууилимий-практикалык конференцияда жасаган мыкты баяндамалары үчүн сертификаттарды алышты.