2019-жылдын 30-ноябрь күнү “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VI аймактык студенттик конференция болуп өттү

2019-11-30 17:23:09 1438

2019-жылдын 30-ноябрь күнү “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VI аймактык студенттик конференция болуп өттү. Студенттик конференцияга Жалалабат мамлекеттик университетинен, Кыргыз-Өзбек университетинен, К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинен, Ош технологиялык университетинен ж.б. ЖОЖдордон 140 студенттер жана магистранттар келишсе, МИТ факультетинен 18 студент жана 13 магистрант катышышты. Пленардык баяндамада ИСТ(б)-2-16 тайпасынын студенти Азизилла уулу Эгемжар “Билим берүү системасын санариптештирүү жана андан күтүлүүчү натыйжалар” аттуу темада ийгиликтүү доклад жасады. Баяндамалар 8 секцияда угулду. МИТ факультетинен 203-каанада “Информациялык технологиялар” боюнча модератор: Информатика кафедрасынын ага окутуучусу Ө.Р. Имаралиев, катчы: Программалоо кафедрасынын окутуучусу Абдимиталип уулу Кубат, “Математика: Дифференциалдык теңдемелер” секциясы боюнча модератор: Матанализ кафедрасынын ага окутуучусу А.А. Акматов, катчы: улук окутуучу А.А. Абдилазизовалар тейлешти. МИТ факультети ээлеген байгелүү орундар: I секцияда «Информациялык технологиялар» боюнча эң мыкты деп табылган баяндамаларга төмөнкү орундар берилди: I орун: Камалов Султанбек, Пакал уулу Долонбек – “Мектептеги окуу процессин ата-энелерге маалымдап туруучу электрондук күндөлүктү иштеп чыгуу технологиясы” (ПИЭ(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: доцент Эркебаев У.З.); I орун: Арзыбек уулу Алымбек – “Аnylogic” программасынын жардамында МИТ факультетинин студенттерин компьютердик борборго оптималдуу жайгаштырууну моделдештирүү” (ПИЭ(б) 1-16 тайпасы, жетекчиси: окутуучу Садыкова Г.); II орун: Абжапар кызы Фарида – “ОшМУнун IT клубун түзүүнүн зарылчылыгы” (ПИЭ(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Имаралиев Ө.). II секцияда «Педагогика, окутуунун технологиялары жана билим берүүнун маселелери» боюнча I орун: Алиева Зинат – “Азыркы учурда жалпы билим берүүчү орто мектепте информатика предметинин окутуу маселелери” (ИК(б)-1-17 тайпасы, жетекчиси: окутуучу Авазова Э.Т.); III орун: Атаходжаева Мутабар – “Интерактивдик досканы окуу процессинде пайдалануунун жолдору” (ИК(б)-1-17 тайпасы, жетекчиси: окутуучу Авазова Э.Т.). III секцияда «Дифференциалдык теңдемелер» боюнча эң мыкты деп табылган баяндамаларга төмөнкү 3 орун берилди: I орун: Адиева Зухра – “Жалпыланган функциялардын мейкиндигинде дифференциалдык теңдемелерди чыгаруу” (ПМИ(б)-2-17Р тайпасы, жетекчиси: доцент Тойгонбаева А.); I орун: Токтобаева Зуура – “Чек аралык катмар усулун колдонуп сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдеменин чечимин изилдөө”(МК(м)-1-19 тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов А.А.); II орун: Расулбек кызы Жанаргүл, Худайбердиева Уулжан – “Приложения двойных интегралов”(ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Камбарова А.Д.); III орун: Камчыбек кызы Феруза – “Сингулярдык козголгон өзгөрүлмө коэффициентүү экинчи тартиптеги сызыктуу бир тектүү дифференциалдык теңдеменин чечимин жалгаштыруу усулунун жардамында изилдөө”( ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов Азиз). VII секцияда «Экономика илимдери» боюнча берилген орундар: I орун: Азизилла уулу Эгемжар – “Финансылык сабаттуулуктун адам жашоосундагы ролу жана финансылык маселелерди чечүүнү автоматташтыруу” (ИСТ(б)-2-16 тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Тажикбаева С.); II орун: Сайитгазиева Айзада – “Ислам каржылоо принциптеринин негизинде иштеген каржылык мекемелердин аракеттенүүлөрүн салыштыруу анализи” (ПИЭ(б) 1-16 тайпасы, жетекчиси: окутуучу Садыкова Г.).