20-декабрь Бишкек шаарында Ыйман диний маданиятты өнүктүрүү фонду, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-Түрк Манас университети биргеликте уюштурган симпозиуму болуп өттү

2019-12-21 09:35:05 1557

20-декабрь күнү Бишкек шаарында Ыйман диний маданиятты өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-Түрк Манас университети биргеликте уюштурган I республикалык илимий-практикалык жаштар симпозиуму болуп өттү.Симпозиумда 6 секцияда 70ке жакын илимий макалалар окулду.Бул симпозиумга Ош мамлекеттик университетинен 3 делегат, анын ичинен Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 4-курсунун студенти Азизилла уулу Эгемжар чакырылган.Азизилла уулу Эгемжар "Билим берүү системасын санариптештирүү жана андан күтүлүүчү натыйжалар" деген темада баяндама жасады.