Мугалимдердин кышкы секциялык иштериндеги жолугушуулар

2020-01-31 13:32:57 1353

Мугалимдердин кышкы секциялык иштериндеги жолугушуулар КРнын билим берүү системасын реформалоо жүрүп жаткан учурда жалпы билим берүүчү орто мектептерде математиканы окутуу жаңыланууну талап кылган мезгили. Учурда 2020-жылдын 8-январынан 10-январына чейин жалпы билим берүүчү орто мектептердин предмет мугалимдери үчүн секциялык иштери уюштурулду. Анда мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттарды ишке ашырууда мектеп программмасы жана математика боюнча аркеттеги окуулуктар талкууга алынды. Түштүк регионалдык жогорку окуу жайлардын методисттеринин семинарынын алдында “ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү аркылуу компетенттүү мугалимди даярдоо” аттуу илимий долбоор экинчи жылга ишин улантып, анын катышуучулары МИОТжББМ кафедрасынын окутуучулары Ш.Оморов, Д.Тагаева, Д.Култаева, З.Садыков жана Э.Авазовалар, жогорку математика кафедрасынын кафедра башчысы Д.Кедейбаева, информатика кафедрасынын доценти Д.Зулпукарова, Каухар, ОГПИнин окутуучусу В.Исаковалар катышып келишти. Орто мектептин мугалимдери жана секция жетекчилери, шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан физика-математикалык билим берүү программасынын алкагында бакалавр жана магистратура боюнча талкуулар болду. Физика-математика багыты боюнча (бакалавр) адаистигинде окуп жаткан студенттердин учурда окуп жаткан дисциплиналары тууралуу, ошондой эле мугалимдер арасынан магистратура багыты боюнча билим алып жаткан магистранттар да суроолорун беришти. Көпчүлүк мугалимдердин көйгөйлүү маселеси аракеттеги окуулуктар жана окуу программасы болуп саналары белгилүү болду. Мындан сырткары Таш-Көмүр шаарындагы мугалимдердин кышкы секциялык иштерине кафедрадан Ж.Токтомамбетова катышып, мугалимдердин көйгөйлүү маселелерин угуп келди. Ноокат районунда 9-январь, Өзгөн районунда 9-январь, Кара-Суу районунда 10-январь күндөрү бул багыттагы жолугушуулар болуп, мугалимдер, иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр бул талкууларда өз пикирлерин билидиришти. Жолугушуудагы пикирлерди, сунуштарды илимий долбоордун иш пландарына киргизүү менен физика-математикалык билим берүү (бакалавр) багыты, ошондой эле магистратура багыты боюнча окуп жаткан магистранттар үчүн окуу пландарын түзүүдө эске алынары билдирди.