“ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү аркылуу компетенттүү мугалимди даярдоо” аттуу илимий долбоорго катышкан мектеп мугалимдери сертификатка ээ болушту

2020-01-31 14:12:23 1322

“ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү аркылуу компетенттүү мугалимди даярдоо” аттуу илимий долбоорго катышкан мектеп мугалимдери сертификатка ээ болушту Түштүк регионалдык Жогорку окуу жайлардын методисттеринин ай сайын өтүлүүчү семинарынын алдында жетекчиси профессор М.А.Алтыбаеванын демилгеси менен “ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү аркылуу компетенттүү мугалимди даярдоо” аттуу илимий долбоор мектептин математика мугалимдерине 36 сааттык сертификатты тапшырды. Семинар-тренинг бир жыл убакыт аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын жана Таш Көмүр шаардык билим берүү башкармалыктары, ошондой эле Ош МУнун алдындагы мектеп лицейлери менен келишимдерди түзүп, семинар-тренингди өтөөр алдында мектеп мугалимдеринен, окуучулардан сурамжылоолорду жүргүзүлдү. Мектеп математика мугалимдеринен жана окуучулардан алынган сурамжылоонун жыйынтыгында учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири катары мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары, аларды пайдаланып план-конспектилерди түзүү, окутунун жаңы технологиялары, интерактивдүү досканы пайдаланып сабак өтүү ж.б. белгиленген. Аталган маселелерди эске алып, семинар-тренинге окутуунун жаңы технологиялары, окуучулардын билимдерин баалоо каражаттарынын фонду, мамлекеттик жана предметтик стандарттарды пайдаланып сабактын план-конспектилерин түзүү, математика сабактарында интерактивдүү досканы пайдалануу, окутуу процессинде интернет-сервистерден пайдалануу, компетенттүүлүккө багытталган тапшырмаларды математика сабактарында пайдалануу сыяктуу темаларды камтыган пландагы семинар-тренингдин планы түзүлүп, үч этапта (25-26-июнь, 29-30-август, 6-7-ноябрь) өткөрүлдү. Алгач семинар-тренинг Таш Көмүр шаарында өттү. Анда Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинде окутуучулар жана мектеп мугалимдерине көчмө семинар-тренинг уюштурулуп, пландаштырылган темалар өөткөрүлдү жана сунуш-пикирлер алынып, кикнки этаптарга темалар даярдалып өтөрүлдү. Ал эми Ош шаарында семинар-тренингдин биринчи этабы “Жалпы билим берүүчү орто мектептердеги нормативдүү документтер” деп аталып, Алай, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунан, Ош МУ нун гимназияларынан, Ош шаарынын мектептеринен математика мугалимдери катышышты. Семинар-тренингдин экинчи этабы “Компетентүү мамиледе окутуу шарттарында математика боюнча сабактын план-конспектилерин түзүү” деп аталып, практикалык сабактар өтүлүп, мугалимдер сабактын план конспектилерин практика учурунда түзүп жатышты. Үчүнчү этаптагы семинар-тренинг: “Компетенттүү мамиледе окутуу шарттарында интернет ресурстарынан пайдалануу” деп аталып, анда математиканы окутуу процессинде интерактивдүү досканы, интернет сервистерден пайдалануу ыкмалары мугалимдерге практика жүзүндө көрсөтүлүп, өз алдынча практикалап көрүштү. Семинар-тренингдин жыйынтыгында мектептин математика мугалимдери семинар-тренинг боюнча ыраазычылыктарын билдиришти жана аларга “Математиканы окутууда жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын, предметтик стандартты, компетенттүүлүктөрдү калыптандыруучу технологияларды жана каражаттарды пайдалануу” аттуу 36 сааттык сертификат ыйгарылды.