Мугалимдердин август кеңешмесинде мамлекеттик билим берүү стандарттары талкууланды

2020-01-31 14:16:02 1424

Мугалимдердин август кеңешмесинде мамлекеттик билим берүү стандарттары талкууланды Мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттарды реализациялоо боюнча 2019-жылдын 19-августу күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан август кенешмеси болуп болуп өттү. Г.Барпиева жетектеген “Математика жана аны окутуунун усулу” боюнча шаардык методикалык бирикмесине Ош Мунун МИТ факультетинен МИОТ жББМ п.и.к. Д.А.Тагаева стандарттар боюнча семинар өтүп, план-конспектилердин үлгүсү боюнча талкуулар уюштурулду. Мындан сырткары 5-6-класстын аракеттеги математика (С.К.Кыдыралиев , А.Б.Урдавлетова, Г.М.Давлетова) боюнча талкуулар болду. Мугалимдер мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттарды пайдалануу жана план-конспектилерди стандарттардын талаптарына ылайык жазуу боюнча маанилүү маалыматтарды алышкандыгын билдиришти.