МИОТжББМ кафедрасынын китеп фонду жаңы адабияттар менен толукталды.

2020-02-13 16:06:50 1372

МИОТжББМ кафедрасынын китеп фонду жаңы адабияттар менен толукталды. МИОТжББМ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент А. Дж. Аттокурованын демилгеси жана кафедранын окутуучулары А. Дж. Аттокурова, У.Тагаев, Э.Авазова, Д.Тагаева, Ж.Токтомамбетованын демөөрчүлүгү алдында кафедранын китеп текчеси жаңы окуу китептери менен толукталды. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 5-6-класстын математика окуу китептери (С.К.Кыдыралиев, А.Б.Урдавлетова, Г.М.Дайырбекова, Бишкек-2018) жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор (С.К.Кыдыралиев, А.Б.Урдавлетова, Г.М.Дайырбекова, Г.А.Лисовская, Бишкек-2018), информатика окуу китептери(Т.Р.Орускулов, М.У.Касымалиев, А.А. Кузнецов, Л.Л.Босова, Бишкек-2018) жана мугалимдер үчүн колдонмолор (Т.Р.Орускулов, М.У.Касымалиев, А.А. Кузнецов, Л.Л.Босова, Бишкек-2018) . Окуу китептердин жалпы баасы 4000 сомду түздү.