"Элементардык жана жогорку математика" боюнча эл аралык он-лайн олимпиада

2020-12-23 11:23:52 819

КУТТУКТОО!!! Матанализ кафедрасынын улук окутуучусу Акматов Абдилазиз Алиевичтин жетекчилиги менен 2020-жылдын 7-8-декабрь күндөрү Екатеринбург шаарындагы “Урал мамлекеттик педагогикалык университети” тарабынан өткөрүлгөн элементардык жана жогорку математика боюнча эл аралык он-лайн олимпиададан ОшМУ аттуу командасы менен МИТ факультетинин төмөнкү студенттери активдүү катышып, сертификат алышкандыгы менен куттуктайбыз. Ф.А.А. факультет Шайдуллаев Бекболот Камилович МИТ Нурланбеков Тынчтыкбек Нурланбекович МИТ Рысбекова Гүлбара Рысбековна МИТ Мамасидиков Эргози Абдугопор угли МИТ Факультеттин намысын коргогон кесипкөй ийримдин жетекчисин жана катышкан студенттерди чын дилден куттуктоо менен аларга чың ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, талыкпас эмгек каалайбыз. Ар дайым эл алдында ийгиликтерди жаратып жүрө бериңиздер. Факультеттин жалпы жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.