"Келишимдик акыларды төлөө жана төлөмдү жакшыртуу" боюнча семинар болуп өттү

2022-04-06 10:45:59 349

2022-жылдын 5-апрели күнү МИТ факультетинин кураторлоруна жана студенттерине ОшМУнун экономикалык бөлүмүнүн экономисти Эркебек уулу Нуржигит "Келишимдик акыларды төлөө жана төлөмдү жакшыртуу" боюнча семинар өтүп берди. Семинарда келишимдик акыны төлөөнүн жолдору, эки тараптуу келишимдер, 2021-жылдын 10-декабры ПЖ № 557 жарлыгы менен кенен тааныштырып өттү. Адиске кураторлор жана студенттер тарабынан ар кандай келишимдик акылар боюнча суроолор берилип жоопторду алышты.