Студенттер арасында Алгоритм жана программалоо олимпиадасы болуп өттү

2022-04-12 20:21:21 306

9-апрель күнү МИТ факультетинде Алгоритм жана программалоо тили олимпиадасынын 1-туру болуп өттү. Олимпиадага 82 студент катталып, 2-турга жогорку балл алган 14 студент жолдомо алышты. Олимпиадага МИТ факультетиндеги адистиктердин студенттери жана Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери активдүү катышты. Олимпиаданын 2-туру 16-апрелде МИТ факультетинин 203-аудиториясында болуп өтөт.