2-курстарга "Окуу-танышуу" практикасына чыгуу үчүн конференция уюштурулду

2022-04-14 16:46:30 293

Бүгүн МИТ факультетинин 201-аудиториясында саат 14:00дө күндүзгү окуу бөлүмүнүн "ИСТ", "ПОВТАС", "ПИЭ", "КМИ", "ГД", "ИЗ", "МОАИС", "МК", "АСОИУ", "ПИ" адистиктеринин 2-курсунун студенттерин 18.04.2022-30.04.2022 чейин ОКУУ-ТААНЫШУУ практикага жиберүү үчүн "Студенттин коопсуздугу боюнча техникалык эрежелерди тааныштыруу, инструктаж берүү конференциясы болуп өттү. Конференцияны факультеттин практика боюнча жооптуусу Айтбай кызы Айгул ачып берүү менен тиешелүү мааламаттарды берди. Өндүрүштүк департаменттин жетекчиси Матикеев Талант агай да практиканын маанилүүлүгүнө басым коюу менен студенттерге отчетторду так аткарууга чакырып өттү.