“Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына” карата студенттер арасында “Алгоритм жана программалоо тили” аталышындагы олимпиаданын II этабы жыйынтыкталды

2022-04-17 00:23:16 360

Бүгүн МИТ факультетинде “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына” карата студенттер арасында “Алгоритм жана программалоо тили” аталышындагы олимпиаданын II этабы өткөрүлдү. Жаңы форматтагы олимпиаданын калыстар тобуна “IT Адис” ЖЧКсынын программисти Б.Гуламидинов, ИСП кафедрасынын окутуучусу Т.М.Умаров, КИИГ кафедрасынын улук окутуучусу Н.А.Артыкова, Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн окутуучусу Т.М.Асилбеков жана АССТ кафедрасынын окутуучусу А.Сүйүнбек уулу дайындалды. Финалдык жарышка 14 студент катышып, 4 сааттын ичинде IT компаниялар тарабынан коюлган тапшырмаларды иштеп чыгышып, даяр болгон коддорду жана чечимдерди калыстар тобуна презентациялашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, биринчи орунду алган студентке “IT Адис” окуу борборунун каалаган тармагындагы 1 жылдык курсунда окууга 100%, экинчи жана үчүнчү орунду алган студенттерге 50% жеңилдиктер берилди. Олимпиада АССТ кафедрасы тарабынан уюштурулду.