"Маалыматтык технологиялар медицина илиминин кызматында, медициналык билим берүүнү жана телемедицинаны трансформациялоо" аталышындагы конференция

2022-04-19 19:11:42 279

2022-жылдын 19-апрель күнү Ош мамлекеттик университети, Урал мамлекеттик медициналык университети жана Казакстандын Семей медициналык университетинин ортосунда Эл аралык студенттик илимий коомунун "Маалыматтык технологиялар медицина илиминин кызматында, медициналык билим берүүнү жана телемедицинаны трансформациялоо" аталышындагы онлайн конференциясы болуп өттү. Конференцияга аталган университеттердин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер докладдарын жасашты. Ош мамлекеттик университетинин Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын окутуучусу Ж. Акматалиевдин жетекчилиги астында ИЗ(б)-1-20 тайпасынын студенти Канатбек уулу Бекболсун "Разработка мобильных приложений для напоминания о приеме лекарственных средств" аталышында доклад жасады.