Өз кесибинен ийгиликке жеткен инсандар

2022-04-23 08:58:03 281

Бүгүн 22.04.2022-жылы саат 10.30да ОшМУнун чоң актылар залында ИСП кафедрасынын жамааты тарабынан өз кесибинен ийгиликке жеткен инсандар менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Кечеге өз кесибинин мыктылары чыгаан программисттер, башкача айтканда биздин МИТ факультетинин бүтүрүүчүлөрү жана учурдагы студенти конок катары чакырылды. Белгилеп өтсөк факультетибиздин 3- курсунун ПОВ(б)-1-19 тайпасынын студенти Бактыбек уулу Шайырбек "IT тармагында кантип көп акча табуунун сырлары менен бөлүшүп өттү. Кече кызыктыруучу оюндар менен коштолуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. IT тармагында окуган ар бир студент үчүн кызыктуу, кесипке шыктандыруучу кече болду.