"ОшМУ окутуучу" жана "ОшМУ студент" мобилдик тиркемелерин пайдалануу боюнча семинар

2022-04-23 18:08:58 294

Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын окутуучусу, ОшМУнун IT академиясынын директору Абдирасулов Айтибек МИТ факультетинин профессордук-окутуучулук курамына "ОшМУ окутуучу" жана "ОшМУ студент" мобилдик тиркемелерин пайдалануу боюнча семинар өтүп берди. Бул тиркемелерди Айтибек агай баштаган ОшМУнун IT академиясынын программисттери иштеп чыгышты. Семинар оффлайн жана онлайн форматта болуп, семинарга катышкан мугалимдер өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алып, сунуштарды берип өтүштү.