МИТ факультетинин Саламаттыкты сактоодогу информатика адистигинин студенттери сертификат, дипломдор менен сыйланышты

2022-04-23 18:21:53 304

МИТ факультетинин АССТ кафедрасынын окутуучусу Абдикутузов Байыш баштаган Саламаттыкты сактоодогу информатика адистигинин ИЗ(б)-1-18 тайпасынын студенттери Бишкек шаарында “Konferenz Deutsch und Digitalisierung 2022” аталышындагы конференцияга катышып, Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүүнүн алкагында өздөрүнүн долбоорлорун сунуштап доклад кылуу менен бирге, семинарларга катышып жыйынтыгында сертификат, дипломдор менен сыйланышты. Сыйлыкты АССТ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Молдояров У. жана программанын жетекчиси ф.-м.и.к, доцент Чамашев М. агайлар тапшырышты. Өздөрүнүн семинардан алган билимдерин ушул адистиктин башка студенттери менен бөлүшүштү.