“Cisco Packet Tracerде Wi-Fi routerдин жардамында зымсыз локалдык тармактын моделин түзүү” деген темада ачык лабораториялык сабак өтүлдү

2022-04-28 15:19:49 307

АССТ кафедрасынын улук окутуучусу Г.И. Сейитказыева 27-апрель, IV сабакта инфокоммуникациялык системалар жана тармактар предметинен ИСТ(б)-2-19 тайпасына “Cisco Packet Tracerде Wi-Fi routerдин жардамында зымсыз локалдык тармактын моделин түзүү” деген темада ачык лабораториялык сабак өттү. Ачык сабак жаңы технологияларды, интерактивдүү методдорду колдонуу менен жогорку деңгээлде кызыктуу өтүлдү. Сабактын методу, оюндар туура тандалып, студенттерге эркин психологиялык атмосфера түзүлдү