Илимий конференция

2023-02-27 09:52:50 254

25-февраль күнү Өзбекстан республикасынын Ташкент информациялык технологиялар университетинин Фергана шаарындагы филиалына Ош мамлекеттик университетинин МИТ факультетинен төмөндөгү делегация: факультеттин деканы, доцент У.А. Сопуев, АССТ кафедрасынын кафедра башчысы Молдояров У.Д., ИСП кафедрасынын кафедра башчысы Токторбаев А.М., КИжИК кафедрасынын кафедра башчысы Эркебаев У.З. жана КИжИК кафедрасынын окутуучусу Артыкова Н.А. барып илимий конференцияга катышып келишти. Илимий сапар учурунда ТАТУ менен университеттер аралык кызматташуу келишими да түзүлдү.