Семинар

2023-02-28 15:54:05 272

2023-жылдын 27-февраль күнү физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясы боюнча лабораториясынын башчысы Искандаров Самандар ОшМУнун МИТ факультетинде «Вольтерра тибиндеги интегро-дифференциалдык теңдемелердин чыгарылыштарынын жарым октогу асимптотикалык касиеттерин изилдөөнүн кээ бир методдору» деген темада илимий доклад окуду. Семинарга ОшМУда эмгектенген профессорлор, доценттер, окутуучулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышты. Семинардын жүрүшүндө угуучуларды кызыктырган бир топ суроолорго жооп алынып, жаш окумуштуулар өздөрүнө жемиштүү малыматтарды алышты.