МИТ факультетинин студенттердин арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2023-09-30 06:47:00 273

МИТ факультетинин студенттердин арасында укук бузуулардын жана чыр-чатактардын алдын aлуу боюнча университеттин коопсуздук кызматы бөлумунун кызматкерлери окуу жайдын студенттери менен жолугушуу өткөрдү.Жолугушууга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын капитаны Камалова Райхан Абдыразаковна жана милициянын улук лейтенанты Карыбеков Дамир Асанбекович кылмыштуулук, укук бузуулар жана укуктар, студенттердин жүрүм-турум кодекси боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, суроолорго жооп беришти.