“Кыз адеби кымбат”

2023-12-13 08:52:39 407

2023-жылдын 5-октябрь күнү 13:00дө 201-аудитрияда факультеттин аялдар кеңешинин төрайымы Каныбек кызы Айгерим тарабынан факультеттин 1-2-3-4-курстарынын кыздары менен “Кыз адеби кымбат” деген темада жолугушуу уюштурулду. Жолугушуунун коноктору: 1) ф.-м.и.к., доцент, алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы Г.М. Борбоева “Студенттин кийинүү маданияты”; 2) п.и.к., доцент, Жогорку математика кафедрасынын башчысы Д.А. Кедейбаева “Адептүүлүктүн башаты – татыктуу тарбия”; 3) ОшМУнун Аялдар кеӊешинин төрайымы Г.И. Сейитказыева “Үлгүлүү жүрүш турушуң – коомго кошкон үлүшүң” деген темаларда доклад жасап студенттердин суроолоруна жооп беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер үчүн окуу жайда кантип кийинип жүрүү, өзүн кантип алып жүрүү боюнча маалыматтар берилди жана үлгүлүү жүрүш туруш менен коомго кантип салым кошсо боло тургандыгы жөнүндө кеңири айтылды.