Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында

2023-12-19 08:59:57 533

Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында ФерПИнин ректору, профессор У.Р. Саломовдун 2023-жылдын 12- декабрындагы № 01-3006 сандуу чакыруу катына ылайык, 2023-жылдын 14-19-декабрь аралыгында ИСП кафедранын улук окутуучусу Тажикбаева Сонайым Тойгонбаевна, п.и.к., доценти Айтбай кызы Айгүл, т.и.к., доценти Көчкөнбаева Буажар Осмоналиевна, окутуучусу Маматова Венера Токтобаевна, Пакал уулу Долонбек, КИИК кафедрасынын окутуучулары Эсенбай уулу Суйунбек, Мелисов Адилет, АСЦТ кафедрасынын окутуучулары Суйунбек уулу Акжол, Арстанбеков Амантур Кушбакович, Замирбекова Сыймык, КМИжГД кафедрасынын окутуучулары Абдиваситова Айтолкун,Хасанбай кызы Уулбүбү, ФерПИге жана ТИТУФФга конок лектор болуп жана күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган ИСТ(б)-1-21, ПИ(б)-1-20, ГД(б)-1-21 жана ИСТ(б)-1-23 тайпаларынын студенттери кыска мөөнөттө барып кайтышты. Экскурсия учурунда студенттер ФерПИнин жана ТИТУФФнын окуу-лабораториялык базасы, технопаркы, окуу залдары менен таанышып лекциялык жана практикалык сабактарга катышып кайтышты. ФерПИнин жана ТИТУ Фергана филиалынын жалпы жамаатына жана өзгөчө Интеллектуалдык инженердик системалар кафедрасынын башчысы PhD доктор Сардорбек Маруфобичке, зам.декан, PhD доктор Умронов Элдорбек Содировичке, ТИТУнун Телекоммуникация жана компьютердик инженерия факультетинен деканы физика-математика илимдеринин PhD доктору Дариев Бахтиёр Сирожиддиновичке, Нурилло Азизиллаевичке, Дадахон Фарходовичке терең ыраазычылык билдиребиз.