Китепкана кызматкерлеринин күнү!

2014-05-28 18:15:50 3311

27-май ОшМУнун борбордук китепканасында Республикабызда 6 жылдан бери белгиленип келген КИТЕПКАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ майрамын белгиледик! ОшМУнун ректору профессор К.Исаков куттуктоо сөз сүйлөп, универстеттин китепканалары жана чет өлкөлүк окуу залдары жөнүндө баяндап, ОшМУда европалык денгээлдеги 3 кабаттуу китепкананын курулушу тууралуу айтты!!! Бул чогулушка МИТ факультетинин студенттери жана мугалимдер жамааты катышып БИЗДИН китепкана кызматкерлеринин дарегине жылуу куттуктоо сөздөрүн ыр менен белек кылышты!