Жаңылыктар

Волейбол

• 2024-жылдын 24-февраль күнү ОшМУнун МИТ факультетинин профкому тарабынан волейбол оюну боюнча эжекелер арасында мелдеш болуп өттү. Ага МИТ факультетинин жалпы эжекелери кафедралык командаларга бөлүнүп катышышты. Жыйынтыгында ИСП кафедрасынын командасы 3-орунду, КМИГД командасы 2-орунду, Деканат командасы 1-орунду камсыздашты. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана дипломдор тапшырылды.

Турнир

• 2024-жылдын 14-февраль күнү 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө жана ОшМУнун 85 жылдык юбилейине карата бильярд боюнча мелдеш уюштурулду. Катышуучулар 45 жаштан жогорку жана 45 жашка чейинки болуп эки категорияда ойношту. Жыйынтыгында 45 жаштан жогорку категорияда Оморов Шермамат агай 45 жашка чейинки категорияда Пакал уулу Долонбек агай 1-орунду алышты куттуктайбыз! 23-февраль күнү боло турган ОшМУнун агайлары арасындагы мелдешке МИТ факультетинен баруучу Асилбеков Таалай агайга жана Пакал уулу Долонбек агайга ийгиликтерди каалайбыз!

Нооруз майрамы

• • 2023-жылдын 16-март күнү МИТ факультетинин жалпы жамааты Нооруз майрамына карата майрамдык иш чара өткөрдү. Иш чаранын алкагында концерттик программалар, улуттук тамак-аш, улуттук кийим боюнча кафедралар аралык конкурстар болуп өттү. Иш чаранын соңунда жалпы жамаатка сый тамак берилди. Нооруз майрамын уюштурууда АжГ жана Жогорку маткематика кафедралары жооптуу болушту.

Бильярд

• 2023-жылдын 23-февраль күнү ОшМУнун профкому тарабынан уюштурулган ОшМУнун мырзалары арасында Бильярд оюну боюнча чемионат болуп өттү. Чемпионатка МИТ факультетинин намысын коргоп 40 жаштан жогоркулар тобунда доцент Т.Д. Асилбеков, 40 жашка чейинкилер тобунда окутуучу Б. Сатибай уулу катышты. Эң жакшы оюн көрсөткөндүгү үчүн доцент Т. Асилбеков “эң мыкты оюнчу” наамын алып, акчалай сыйлык менен сыйланды.

Волейбол

• 2023-жылдын 25-февраль күнү “8-март аялдардын эл аралык майрамына” карата МИТ факультетинин айымдарынын арасында волейбол оюну боюнча биринчилиги уюштурулду. Жеңүүчүлөр дипломдор менен суйланды. Оюндун соңунда профбюро тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулуп, сый тамак берилди.

Бильярд

• 2023-жылдын 17-февраль күнү “23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө” карата МИТ факультетинин мырзаларынын арасында Бильярд оюну боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдештин жеңүүчүлөрү атайын дипломдор менен сыйланды жана ОшМУнун бильярд боюнча биринчилигине жолдомо алышты. Иш-чара МИТ факультетинин профбюросу тарабынан уюштурулду.