18-апрель МИТ факультетинин ИТАС кафедрасынын улук окутуучулары Г.Cейитказыева, А. Ажибекова, Р. Ойчуева, Н. Адилбекова Кара-Суу районунун №56 Кең-Сай орто мектебине кесипке багыт берүү боюнча барып, бүтүрүүчү класстарга Ош мамлекеттик университети, математика жана информациялык технологиялар факультети жана андагы адистиктер жөнүндө жалпы маалымат беришти. ОшМУнун, МИТ факультетинин жана ИТАС кафедрасынын буклеттерин таркатышып 27-апрель күнү болот турган “Билим майрамына” чакыруу буклеттерин да берип келишти. Кесипке багыт берүү боюнча сапар эми Өзгөн районуна болмокчу.
2019-жылдын 21-апрель күнү ИТАС кафедрасынын окутуучулары Сейитказыева Г., Ажибекова А., Капарова А. жана Ойчуева Роза эжекелер Өзгөн районунун мектептерине барып профориентациялык иш-чараларды улантып, мектеп окуучуларына Ош МУ жөнүндө жалпы маалымат берип келишти. Ошондой эле 27-апрель Ош МУ да боло турган "Билим" майрамына чакырууларды берип келишти.
2019-жылдын 22-апрель күнү ИТАС кафедрасынан Саданов Абдибек, Сулайманов Адыл, Кудуев Алтынбек агайларыбыз Ош шаарындагы Ч. Айтматов атындагы мектепке барып, бүтүрүүчү класстарга Ош мамлекеттик университети, Математика жана информациялык технологиялар факультети жана андагы адистиктер жөнүндө жалпы маалымат беришип, абитуриенттерди кесипти туура тандоо тууралуу маалыматтарды берип келишти. Муну менен катар Ош МУнун, МИТ факультетинин жана ИТАС кафедрасынын буклеттерин таркатышып, 27-апрелде боло турган "Билим" майрамына чакырууларды да берип келишти.
2019-жыл 27-апрель. Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде "Билим" майрамы өтүүдө. Ар кайсы аймактардан келген абитуриенттер кесипти туура тандоо үчүн Ош МУнун адистиктери менен кеңири таанышып жатат. ИТАС кафедрасы дагы бул майрамга активдүү катышып, келген конокторго өзүбүздүн адистиктерибиз жөнүндө кенен маалымат берип жатабыз. Өзүбүздүн студенттерибиздин колунан жасалган роботетехника жаатындагы "Акылдуу үй", Ош МУнун кичи маркеттерин, ЭКГ аппараттарын көргөзмөгө коюп, келген коноктор кызыгып сурап жатышты.